Орусиялык блогер Лариса Булина Сокулуктагы "Белек" ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугуна барып, көк бөрү оюнун көрүп таң калды.
Блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жерде жаткан улакты "Мына бул жаткан кой" деп колу менен көрсөткөн.
Мындан тышкары, ал белгилүү улакчы Манас Ниязовдун каршылаштарынын тай казанына 15 улак салганын айтып, таң калган.
SUPER.KG порталына көк бөрү федерациясынан орусиялык блогер атайын көк бөрү көрүү үчүн келгенин, көптөн бери оюн көргүсү келип жүргөнүн, бүгүн Москвага учуп кеткенин айтышты.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу кечээ, 18-октябрда старт алган. Өлкө чемпиондугуна 7 облус жана Ош, Бишкек шаары болуп жалпы 9 команда ат салышууда.
Кечээ, 18-октябрда өткөн Ош облусу-Жалал-Абад облусу беттеши 15:4 эсебинде Ош облусунун жеңиши менен аяктаган. Манас Ниязов бул оюнда 6 улак салган.