Эртең, 20-октябрда Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Төмөндөгү аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Кара-Суу районунун Ачы, Беш-Мойнок, Кызыл-Шарк, Курбан-Кара, Кыш-Абад, Беш-Капа, Чоок, Савай-Арык, Кожомбак, Тажибай, Жаңы-Кызылсу, Фархад, Ош-3000, Питомник, Каратай, Ак-Жар, Талдык, Лянгар, Бек-Жар, Топ-Терек, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке, Партсъезд, Кенжекул айылдары, Кара-Суу шаарынын Навои, Комсомольская, Алай, Фрунзе көчөлөрү.
* Ноокат районунун Беш-Тал, Борко, Калинин айылдары.
* Ош шаарынын Ак-Тилек, Амир-Тимур кичи шаарчалары, Калинин массиви, Орке, Арек, Бирлешкен айылдары, Курманжан Датка, 8-Март көчөлөрү.
* Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Водозаборная, Иминов, Ленин, Исанов, Ташкент, Курманжан Датка, Касымбеков, Осмонов (ГорГАИ айланасы) көчөлөрү.
* Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Мамыров, Атабаев, Садырбаев, Ленинабадский, Макаренко, Мамытов, Кабылов, Юнусов, Саргалчаев (Тубсанатория айланасы) көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.