Орусия банкы эстелик монеталарды жүгүртүүгө чыгарды, анда белгилүү "Маша жана аюу" мультфильминин каармандары чагылдырылган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусия банкы монеталардын эки түрүн чыгарган: 3 рубль номиналындагы күмүш монета - диаметри 39 мм, ошондой эле 25 рубль номиналындагы түссүз жана түстүү каптоочу негизги металлдардан - диаметри 27 мм.