Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II "Жылдын кемпири" наамынан баш тартты

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II "Жылдын кемпири" наамынан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Жылдын кемпири" - "The Oldie" гезитинин тамашалуу сыйлыгы, бир кезде Елизавета II'нин апасы алган.

"Адамдын канча жашта экени ал өзүн кандай сезгенине жараша болот. Демек, 95 жаштагы ханыша өзүнүн жаш курагын сыйлыктын критерийлерине жооп бербейт деп эсептейт. Ошондой эле сыйлыкка татыктуу алуучуну табат деп үмүттөнөт", - деп билдирген Елизавета II'нин жардамчысы.
Белгилей кетсек, аталган сыйлык "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары, "Оскар" сыйлыгынын ээлерине да берилгени жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан