Сирияда бүгүн, 20-октябрда орун алган жардыруудан улам 14 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сириянын борбору Дамаск шаарында аскер кызматкерлери бара жаткан автобус жарылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан улам каза тапкандардын саны 14кө жетсе, экөө жаракат алды.
"Террордук кол салуу Раис көпүрөсүнүн жанында орун алган. Жардыруучу заттар автобуска активдештирилген. Анын экөө жарылып, бирөөсү иштебей калган. Бул аталган шаардагы акыркы бир нече жыл ичинде болгон ири террордук кол салуу", - деп айтылат маалыматта.