Google өзү чыгарган процессорлорунун негизинде жаңы Pixel смартфондорун чыгарды

Америкалык Google корпорациясы өз өндүрүшүнүн процессорлорунун негизинде жаңы Pixel 6 жана Pixel 6 Pro смартфондорун сунуштады. Жаңы продукциялардын презентациясы шейшемби күнү онлайн форматта өткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Pixel 6 жана Pixel 6 Pro 6,4 дюймдук жана 6,7 дюймдук экрандар менен жабдылган. Смартфондун стандарттык версиясынын артына эки, ал эми чоңураагына үч негизги камера орнотулган.

Негизги жаңылык Google чыгарган смартфондор биринчи жолу Tensor деп аталган өзүнүн процессоруна ээ болду.

Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул жаңы продукттар мурункуларга караганда 80 пайыз ылдам иштешине мүмкүндүк берет. Смартфондор 8 гигабайт жана 12 гигабайт оперативдүү эс менен жабдылган. Камтылган эс тутумдун көлөмү моделге жараша 256 гигабайт жана 512 гигабайтга жетет.

Жаңы смартфондор үч түстө болуп, баасы стандарттык модель үчүн 599 доллардан, чоңураак модель үчүн 899 доллардан жогору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан