Мекендешибиз Анара Мурзакулова орусиялык "Кондитер" теледолбоорунун юбилейлик 5-сезонунун жеңүүчүсү аталып, 1 миллион рублга ээ болду. Бүгүн жалпы кыргыз эли мекендешибиздин ийгилигине кубанып, аны менен сыймыктанып жаткан учурубуз. SUPER.KG порталы Анара айым менен маек курдук.
- Сизди куттуктайбыз! Жеңиштен кийинки куттуктагандар көп болуп жатса керек?
- Ооба, жеңиштен кийинки сезимдер да жакшы. Аябай кубанычтамын. Бир гана мен эмес, бүткүл тууган-уруктарым, кыргыз эли кубанып жатышат. Баары жазып, чалып куттукташууда. Бул менин гана жеңишим эмес жалпы Кыргыз өлкөсүнүн жеңиши.
Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун. Кудай бизди ушундай жакшы ийгиликтерге жеткизип жатат. Мисалы, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова өңдүү балбандарыбыз жеңишке жетишип келе жатышат. Мен дагы алардын катарында кыргыз элимдин сыймыгы болуп калдым деген сезимдер менен отурган кезим.
- Жеңишке жетем деп ойлодуңуз беле?
- Чынын айтсам утам деген ойдо болгон эмесмин. Бирок кулагыма дайыма "Анара, Анара" деген сөз угулуп жатты. Анткени финалга чыкканымдагы "Анара" деген сөз кулагымда калыптыр. Ренат Агзамовду (ред: белгилүү орусиялык кондитер) көргөн сайын эле кулагыма "Анара, Анара" деп угула берди. Мен үчүн супер финалга чыкканым дагы жеңиш. Миллион рубль, наам меники болот деген ойдо барган эмесмин. Анын ордуна корктум, жолдошум билет. Ал дайыма жанымда болду. Бирок тартуу учурунда аны киргизишкен жок.
- Жеңишиңизди кимге арнайсыз?
- Жеңишимди, албетте, Кыргыз өлкөмө арнайм. Андан кийин ата-энем, жолдошум, кайната-кайненеме, бир туугандарым, жолдошумдун бир туугандары арнайм. Анткени биз экөөбүз тең үйдүн эң чоңубуз. Алар бизди максат кылып, төрөлгөнүбүздөн баштап бизге ийгилик каалап батасын берип, бизди жакшы тарбиялап өстүргөн.
Акыркы жолу 2020-жылы Мавлид кечесине Чубак Жалилов (анда тирүү болчу), Абдишүкүр Нарматов, Максат Токтомушев, Садыбакас Доолов келген. Биз алардын дасторконуна кызмат кылганыбыз үчүн алардын батасы тийди окшойт.
- Миллион рублду кайсы жакка жумшаганы жатасыз?
- Миллион рублду биринчи Кудай жолуна, андан кийин кыргыз кыздарын жакшы иштерге орноштуруу максатында өзүмдүн чоң студиямды ачып жатам. Ошол ишимди өнүктүрүүгө жумшайм. Ал жакта профессионал кылып үйрөтүү үчүн атайын шарт түзөйүн деп жатам. Кыргыздын кыздары бизден үйрөнүп, башка чоң фабрикаларга ишке кириши керек.
- Долбоорго кандайча катышып калдыңыз?
- Бул долбоорго катышып калганымдын себеби Ренат Агзамов өзү себепкер болду. Анткени ал адамдын жасаган тортунун сүрөтүн менин бир кардарым ушундай торт жасап бер деп жөнөтүп калды. Мен ал торттун сүрөтүнөн Агзамовдун логотибин көрүп интернеттен издеп көрдүм. Сайтынан ал кишинин тортторун көрүп, ал адамдан мотивация алдым. Көрсө ал адам Орусияда жана дүйнөдө торттун "ханзаадасы" экен.