Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Аяжан Едилованын өлүмү тууралуу иш сотко өткөрүп берилди

Казакстанда 19 жаштагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Аяжан Едилованын өлүмү тууралуу иш сотко өткөрүп берилди. Бул тууралуу Алматы шаардык сотунун берген маалыматына таянып казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда алынган материалдар Алматынын райондор аралык сотуна өткөрүп берилген.

"Шектүүгө карата зордуктоо, ошондой эле өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Бул иш сексуалдык кол тийбестикке байланыштуу болгондуктан, жабык эшик артында каралат. Ишти кароо маселеси соттолуучу менен болгон алдын ала угууда сот арачыларынын катышуусу менен же жалгыз судья тарабынан чечилет. Процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 20-мартында Аяжан Едилова мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Полиция кызматкерлери кызды батирлердин биринен денеси бөлүк болуп жаткан абалында табышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан