Пенсионерлердин жашоосу үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр аталды

Пенсионерлердин жашоо деңгээли жакшы деп кайрадан Исландия өлкөсү аталды. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мындай иликтөө "Mercer" компаниясы жана "CFA Institute" уюму тарабынан жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн авторлору пенсионерлердин жашоо деңгээлине, өлкөдөгү пайыздык чендердин жана мамлекеттик карыздын өлчөмүнө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө карата байкоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Исландия, Дания жана Нидерланды алдыңкы үчтүктү ээлешкен. Тагыраагы, Скандинавия өлкөлөрү 80ден ашык упай алышкан.

Андан кийинки катарларда 75-80 упай менен Израиль, Норвегия жана Австралия өлкөлөрү орун алган.

Ал эми 65-75 упайга ээ болгон өлкөлөр: Финляндия, Швеция, Улуу Британия, Сингапур, Швейцария, Канада, Ирландия, Германия, Жаңы Зеландия жана Чили.

Рейтингдин төмөн жагына Япония, Мексика, Түштүк Корея, Түркия, Индия, Филиппин жана Аргентина жайгашкан. Аталган өлкөлөр 35тен 50гө чейинки упайларды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-10-21 22:04:44
Кыргызстан 175 орунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан