20-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Ооганстандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланган.
Мындан тышкары "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү экономикалык жардам жана саясий колдоо көрсөтүүнү суранышкан.
Талибдердин делегациясын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ахмадулла Муттаки баштап келген. Ал эми бул жолугушуу Талибандар үчүн Кабулдагы өкмөттү кулатып, бийликти басып алгандан берки алгачкы эл аралык жыйыны болуп калды.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.