ЖЫЛНААМА, 21-ОКТЯБРЬ: 1833-жылы швециялык химик Альфред Нобель туулган

Швециялык химик, “Нобель” сыйлыгынын негиздөөчүсү Альфред Нобель Стокгольмдо туулган. Төрөлгөндө эле өтө алсыз, оорулуу болгон. Окууга да кеч барган. Аны менен теңтуштары ойнобой, мугалимдер болсо анын окууда жана жашоодо ийгиликке жетишерине ишеним арткан эмес. Атасы, таланттуу ойлоп табуучу Иммануел Нобель 1837-жылы Петербургга көчүп келген. Иши жүрүшө баштагандан кийин 1842-жылы үй-бүлөсүн да алып келген. Ошентип тогуз жаштагы Альфред үчүн орус тили экинчи тил болуп калган. 1853-1856-жылдардагы Крым согушунда Нобелдин ишканасы орус аскер флоту үчүн мина жана башка жардыруучу курал чыгарып турган. Кийин "Орус өндүрүшүнө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланган. Согуш бүткөндө иши токтоп калган Нобелдин үй-бүлөсү кайрадан Стокгольмго көчүп келген.

Кичинесинен талантын байкаган атасы Альфредди Европага жана Америкага эки жылдык саякатка жиберген. Убактысынын көбүн нитрил затын ачкан белгилүү химик Жюл Пэлуэанын лабораториясында химия жана физикадан практикалык курс алып жүрүп өткөргөн. Физикага, химияга кызыккан Нобель кайда болбосун, белгилүү химик, изилдөөчү, ойлоп табуучулар менен таанышып, алардын ишине аралашып, бай тажрыйба топтогон. 1963-жылы Стокгольмго келип, өз алдынча тажрыйбаларды жасаган. Бир жылдан кийин кезектеги тажрыйба убагында жарылуу болуп, 20 жаштагы бир тууган иниси менен кошо бир нече киши каза болот. Кырсыктан кийин агасынын: "Ойлоп табуучулук кесибиңди ташта! Андан эч нерсе таппайсың!" дегенине да болбой, тынымсыз иштеп, жолун издеп жүрүп, акыры өзү ойлоп тапкан нерселеринин баары адамзаты үчүн керектүү экенин далилдей алган. Негизинен бош убактысын кур өткөрбөй философия, тарых, медицина жана адабият багытындагы көптөгөн китептерди окуп, электрохимия, оптика, биология, медицина менен алектенип, буу казандарын жана автоматтык тормоз системдерин түзүүнү жакшы көрө турган.
Ошондой эле ал жетишкени менен чектелип калбай, жасалма булгаары, желим (резина) жасоого аракеттенип, жасалма жибекти жана жеңил эритмелерди кандай алуу керектигин изилдеген. Ар кандай багыттагы адамдар менен, министрлер, профессорлор, өлкө башчылары менен таанышып, байланышып турган. Ошентип, 1864-жылы 14-октябрда Альфред Нобель курамында нитроглицерин заты болгон жардыруучу затты ойлоп табып, ага патент алган. Андан кийин детонаторго, динамитке, түтүнсүз порохко патент алган.
Ал өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үстүндө болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөн учурда ал бир таанышына: "Мага догдурлар нитроглицерин ичүүнү сунушташты, бул тагдырдын тамашасы эмеспи?" деп да жазган.
1896-жылы 10-декабрда Альфред Нобель Италияда каза болгон. Ал үй-бүлө күтпөгөндүктөн, өзүнүн мурасы катары калган байлыгын адамзатка керектүү ачылыштарды, жетишкендиктерди колдоого жумшоону керээз кылып кеткен.
21-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан