Дональд Трамп TRUTH Social жаңы социалдык тармагын түзгөнүн жарыялады

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жаңы "TRUTH Social" социалдык тармагын түзгөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, социалдык тармак "чоң технологиялардын" зулумдугуна каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан, ошондой эле "либералдык медианын атаандашы" болуп калат.

TRUTH Social социалдык тармагынын бета версиясы ушул жылдын ноябрь айында колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болору белгиленет.

Буга чейин АКШнын мурунку президенти анын фейсбуктагы аккаунту эки жылга жабылганын айткан. Ошентип ал 2023-жылы ошол эле социалдык тармакты жана Инстаграмды колдоно алат.

Белгилей кетсек, Трамптын жактоочулары 6-январда АКШ Конгрессиндеги президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылгандан кийин жабылган. Твиттердин өкүлү социалдык тармактын колдонуучуларына платформаны зомбулукка чакыруу катары колдонууга уруксат бербей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан