Бүгүн, 21-октябрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, зооттолгон аскердик техниканын 40 даанасы УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатып алынган.