Өлкөдө жыл сайын 20 миллиард сом телефон байланышы үчүн коротулат. Бул тууралуу Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтты.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө 10дон ашык уюлдук байланыш компаниялары иштейт.
"Жыл сайын 20 миллиард сомду тамаша катары айтайын, сүйлөшкөнгө, "ушакташканга" коротуп жатабыз. Телефондордун айынан пейилибиз дагы бузулуп бара жатат. Эл ичинде ынтымак дагы бузулду.
Бирок биз 7 жарым миллиард сомду жөлөк пул катары берип жатабыз. Ошону көрө албай жатабыз. Инвентаризация дегенде, тагыраагы жөлөк пул берген адамдар каражатын кайда жумшап жатканын билишибиз керек. Эгер тамак-ашка, кийим-кечеге жумшап жаткан болсо, жөлөк пулдарды эки эсе көбөйтөлү. Эгер байланыш телефонуна коротуп жатса, анда аны көтөрүү кажети барбы? Мына ушул жактарды дагы бир жолу карап көрүү керек", - деди Жапаров.