Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев, тергөө кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, бөлүмдүн айрым кызматкерлери пайда табуу максатында алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдаланып, иши өндүрүштө турган А.Т. аттуу аялды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшкөн. Анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан.
Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 21-октябрь күнү Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ", - деп жазылат маалыматта.
1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул иште Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.