"Мадумаров добушка коюп, Ибрагим Жунусов чырылдап ыйлап турган". Садыр Жапаров чек ара маселесинде кимдердин атын атады?

Президент Садыр Жапаров маалымат жыйында чек ара боюнча берилген суроого жооп берди. Президенттин айтымында, чек арадагы көйгөйлөрдү дароо чечүү мүмкүн болбой жатат, буга мурда кетирилген бир катар катачылыктар тоскоолдуктарды жаратууда.

"Баткендеги Төрт-Көчө боюнча Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда 2009-жылы "275 метр жер ооба, Тажикстандыкы экенин тааныйм, бирок кайра 49 жылга бизге арендага берип тургула" деген протоколго кол койгон экен. Тажик тарап ушул документке таянып жатат. Мен бул документ жарабайт, Мадумаровго мындай кол койгонго ыйгарым укук берилген эмес деп айтып жатам. Алар силер арендага алгансыңар, 12 жылыңар өттү, 37 жылыңар калды деп жатышат. Мадумаровдун кол койгону жарабайт, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси мындай процедура менен чечилбейт да.

Ушунча болуп кетти, айтып коёюн Лейлек менен Баткенде 210 миң гектар жер талаш деп жатышат, алар биздин жер өтүп кетиптир, бизге бергиле деп жатышат. Мен айтып жатам 1924-жылы силерге Нургаб өтүп кеткен ошону бергиле деп жатам.

Көпчүлүгү биздин саясатчылардын, ата-бабаларыбыздын айрымдарынын саясий ишмердүүлүгүнүн кетирген катачылыктары болуп жатат. 1956-жылы дагы мамлекеттик ишмерлер кээ бир жагдайлар менен өткөрүп берип койгон экен, биз азыр ошол каталарды оңдоп жатабыз.

Мен жамандагандай болбоюн, Мадумаров өзү билимдүү, сүйлөсө тили буудай кууруйт, эмнеге мындай катачылыктарды кетирет дейм да. Мен 2007-жылдын аягына чейин депутат болгом, Каркыраны чырылдап бербей койгом, 2008-жылы Адахан Мадумаров добушка койду дагы өткөрүп жиберди. Ибрагим Жунусов чырылдап ыйлап турду: "Ой мына бул Каркыра менен Таласта каталар бар, ошол жерлерди оңдоп коёлу, ратификациядан өткөргөндөн кийин оңдогонго болбой калат" деп. Ага карабастан кнопканы басып өткөрүп салышты.

Эгерде чеч, сенден күнөө кетип жатат десеңер чечип коё берем, бирок бул жер кыргыздыкы болуп жатса кантип берип коёбуз. Мунун баарын абдан кылдат карап чечиш керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан