"Уулума партияны баштап бар деп сунушташыптыр". Садыр Жапаров жакындарынын саясатка аралашуусуна кандай карайт?

Бүгүн, 23-октябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берип, суроолорго жооп берди. Анда өлкө башчысына "Сиз мурдагы бийликтин катасын кайталабайм деп айтып келесиз. Бирок жубайыңыз "Үмүт булагы" фондун иштетип жатат. Ал эми уулуңуз "Эл үмүтү" деген партияны шайлоодо баштап барат деген кептер айтылды эле. Жакындарыңыздын саясатка аралашуусуна кандай карайсыз?" - деген суроо берилди.

"Менин үй-бүлөм саясатка аралашпайт, аралаштырбайм. Фонд 2010-жылы эле ачылган болчу. Бирок андан бери активдүү иштебей келген, өткөн жылы мен келгенден кийин өзүм уруксат берип, ишкерлер, бизнесмендер, демөөрчүлөр кайрымдуулук иштерин жасайбыз десе ошол фондго беришип, фонд ата-энесиз балдарга, жалгыз бой энелерге, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүп жатат.

Ал эми "Эл үмүтү" деген партияга эч кандай аралашуу жок. Дастан Бекешев сиздин балаңызга депутаттар барып жатыптыр деп айтып чыкканда эле андан сурагам. Биздин менталитет ушундай, бийликте турган адамдардын жакындарына барып колдоп бербейсиңби, сен баштап барбайсыңбы деп эл бара берет. Балама айтышкан экен, ушул партияны баштап барбайсыңбы деген сунуштарды. Мен эч кандай партияга аралашпайсың деп тыюу салгам. Аралашса айткыла, мен аны артка кайтарып коём", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан