реклама
super.kg logo

Санкт-Петербург жана Тувада 30-октябрдан 7-ноябрга чейин карантиндик чектөөлөр киргизилет

 

Санкт-Петербург шаарынын бийлиги 30-октябрдан 7-ноябрга чейин карантин киргизилерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин 70 пайызга чукулу аралыктан иштөөгө өткөрүлөт. Шаарда кафе-ресторандар жабылып, азык-түлүк саткандан жана башка дүкөндөр жабык болот. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерге кирүүгө болбойт.

Шаардагы мейманканалар коронавирустан эмделген же ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдыра албаган кардарларга гана орун берет.

Мындан тышкары, пандемиядан улам Тува аймагына да жаңы чектөөлөр киргизилери ишембиде дайын болду. Бул жерде да калкка кызмат көрсөтүү, музей жана храмдар жабык болот. Ошондой эле келген туристтер мейманканаларга жайгаша албайт. Республика борбору Кызыл шаарында коомдук транспорт токтойт.

Орусияда COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын саны сентябрдын ортосунан тарта токтоосуз өсүп жатат. Президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин өлкөдө дем алыш деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.10.2021. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
04-12-2021 22:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Дөмөр
+2
Республика Тыва
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181483;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: