Бишкек дүйнөнүн мыкты шаарларынын ичинен 203-орунду ээледи

"Mercer" компаниясынын жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы менен Бишкек шаары жашоо-шартынын сапаты боюнча дүйнөнүн 221 шаарынын ичинен 203-орунду ээледи. "Эң мыкты шаар" деп Вена (Австрия) шаары табылса, тизмеде 2-орунду Цюрих (Швейцария), 3-орунду Окленд (Жаңы Зеландия) шаарлары ээлешти. Кезинде СССРдин курамына кирген шаарлардын ичинен алдынкы орунга Вильнюс (Литва) шаары чыкты (79-орунда турат). Ал эми мыкты шаарлардын тизмесинин эң артында Багдад шаары турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан