Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөттүн ичинде жеңди

Бүгүн, 3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда ал эквадордук Розангела Реаско Валдес аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Андан кийин Айпери Медет кызы атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alinsan
2021-11-03 16:50:04
Бул кызыбыздын аракети аябай куч, ылайым Кудайым коптогон ийгиликтерге жеткирсин
+7
ZULYA89
2021-11-03 17:37:55
Ийгилик Айпери.
+6
Gulina00
2021-11-03 18:31:39
Азамат мындан да чон ийгиликке жет.
+6
PFC-CSKA
2021-11-03 19:13:23
Индиялык кызды 28 секундада женип жарым финалга чыккты уже
+3
Sajakat14
2021-11-03 22:05:43
Азамат Айпери!
+1
PFC-CSKA
2021-11-03 22:32:43
Ураа Айпери уже финалда !!! буюрса алтын сеники Айпери!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан