Ош облусунун Кара-Суу районундагы аймактык ооруканда текшерүү болуп, дарыгер бейтаптан акча алганы аныкталды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашат.
Маалыматта өлкө башчынын облустагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына текшерүүгө барганы айтылат.
"Рейд учурунда оорукананын төрөт бөлүмүндө операция жасалган бейтаптан наркоз үчүн дарыгер акча алганы аныкталды. Данияр Жаныкулов наркоз үчүн акча алган дарыгерге эскертүү берип, бейтаптын акчасы кайра кайтарылды.
Ошондой эле Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын ашканасы, оорукана аймагында иш жүргүзүп жаткан дарыканалар текшерилди", - дешет маалымат кызматынан.