Баш байге 8 миллион теңге. Казакстандагы эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
Казакстанда эл аралык айтыш өтүп, анда кыргыз төкмө акындары байгелүү орундарга ээ болушту. Акын Асылбек Маратовдун билдирүүсүнө ылайык, айтыш Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган.
Иш-чара Талдыкорган калаасында орун алып, кош байге менен өттү. Айтыш Алматы облусунун акимдиги жана Казакстандын Маданият министрлиги тарабынан уюштурулду. Байге фонду 8 миллион теңге.
Баш байге: Асылбек Маратов, Жандарбек Булгаков.
1-орун: Азамат Болгонбаев, Айшолпан Тилеүтай кызы.