Германиялык машыктыруучу кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда орусиялык балбан Евгений Жербаевге жасаган ыкмасын жай ыргакта көрсөтүп берди. Видеону машыктыруучу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Эрназар Акматалиев менен Евгений Жербаев Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келген. Анда кыргыз балбаны атаандашын 9:5 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Ал эми германиялык машыктыруучу көргөзгөн бул ыкманы жасаган Эрназар Акматалиев 4 упай алган. Кийинчерээк Евгений Жербаев дал ушул ыкмага кандайча түшүп калганын түшүнбөгөндүгүн, андан кийин күрөшү жүрбөгөндүгүн айткан.