Кара-Балтада Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу эркек кишини сүзүп, ал окуя болгон жерде жан берди

Чүйдүн Кара-Балта шаарында Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу эркек кишини өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында болгон.

"Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу Бишкек-Чалдовар унаа жолунда бара жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзгөн. 50 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерден эсине келбей каза болгон. Учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, бардык материалдар чогултулуп, тийиштүү органдарга жеткирип берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан