Бишкек-Ош жолундагы 8 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркаган дагы бир 2014-жылы туулган кыз каза болду. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Шаят Абдурахманов билдирди.
"Ал кыз 21-ноябрь күнү каза болду. Абалы оор болуп, комада жаткан. Азыр ооруканада дагы эки бала жатат. Алар 7 жана 9 жашта", - деди Абдурахманов.
16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.
SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчү ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкен.
17-ноябрда ооруканада 15 жаштагы кыз каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Кечээ, 23-ноябрда 25 жаштагы бала да каза болгону маалымдалган.