Бишкекте “Айтматов ааламынан тамчы” аттуу көргөзмө ачылат

Борбордогу Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 15-ноябрда Өмүркул уулу Базаркулдун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Айтматов ааламынан тамчы” аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкери Татьяна Никитина билдирди. Маалыматка ылайык, сүрөтчү этномодерн стилинде эмгектенет жана анын сүрөттөрү чет өлкөлөрдө жеке менчик коллекцияларда турат. 

 

Өмүркул уулу Базаркул 1974-жылы Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. 1990-1994-жылдары С.Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайында окуган. 1994-1998-жылдары Көркөм сүрөт академиясында билим алган. 1999-жылы “Жаштар көргөзмөсүнө” катышкан. 1997-2002-жылдары дүйнө кыдырып, Германияда көргөзмөсүн өткөргөнү белгилүү. 2012-жылы декабрда Польшанын Познань шаарында көргөзмөсү өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан