Кол менен саноо жыйынтыкталып жатат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова SUPER.KG порталына билдирди.
"Кол менен саноо 28-ноябрда 21:00дөн кийин башталган. Учурда жыйынтыкталууда. Азыр Чикагодогу кол менен саноолордун жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Шайлдабекова.
Эскерте кетсек, шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрда белгилүү болот.