
Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы
Галина Байтерек Фейсбук баракчасында социалдык тармактарда анын атын жамынып, негатив комментарийлерди жазган фейк баракча пайда болгондугун жазып чыкты.
"Урматттуу достор.
Тилекке каршы, социалдык тармактарда менин атым жазылган баракчанын скриншоту тарап, ал жерде терс комментарийлер, жадакалса коркутуулар да жазылууда. Баса белгилеп айткым келет, бул фейк баракча. Мен негативдүү комментарий жазбайм, менде андай адат жок. Сынды, кеңештерди, сунуштарды туура кабыл алам.
Эске сала кетейин, ушул жылдын май айында менин аты-жөнүм жана сүрөтүм жазылган фейк баракча пайда болуп, анда негатив жазылган.
Келечекте туура эмес чечмелөөнү болтурбоо үчүн мен азыр жеке өзүм башкарып жаткан жеке баракчамды текшерүү өтүнүчү менен Facebook'ка байланышууга аргасыз болдум. Мен үч күндүн ичинде текшерүүнү алдым. Менин баракчам текшерилип, көк белги менен белгиленген. Ушуга көңүл буруп, алдыда эске алыңыз", - деп жазып калтырган ал.