"SPORTS AWARDS – 2021" иш-чарасынын уюштуруучусу: "Мындай сыйлыктар спортчуларга дем-күч берет"

Бүгүн, 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында спорт жаатындагы өлкө мыктыларына наамдарды тапшыруу аземи болуп өттү.

"2013-жылы topsport.kg деген сайт жаралган. Ушул сайттын алкагында биз Ютуб канал ачканбыз. Андан соң спорт жаатындагы жаш муундардан "Спорттогу кумириңер ким?" деп сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Алардын 100 пайызы Роналду, Месси, Тайсон деп чет өлкөлүк спортчуларды айтышкан. Мындан улам биз кыргыз спортчуларын таанытуу максатында аталган долбоорду иштеп чыкканбыз. Билгениңиздердей, азыркы күнгө чейин биздин спортчулар көптөгөн ийгиликтерди жаратып келет. Мындай наамдар аларга дем-күч берет. Бул иш-чара өз максатына жетип, мамлекет тарабынан колдоого алынды", - дейт аталган долбоордун автору Динара Орозбаева.

Ошондой эле Динара Орозбаева бүгүнкү аземде "Дене тарбия жана спорттун отличниги" наамы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, "SPORTS AWARDS – 2021" сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан