реклама
super.kg logo

Дүйнөдөгү биринчи өлкө климатка байланыштуу көчүүгө даярдана баштады

 

Океанияда жайгашкан Тувалу арал мамлекети суу каптоо коркунучунан улам көчүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Саймон Коффиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

Министрдин айтымында, Тувалу бийлиги глобалдык жылуулукка байланыштуу эң начар сценарийди карап жатат. Бул аралдын аймагын океан каптап, жашоого жараксыз болуп калуу сценарийи.

Эгер бул ишке ашса, Тувалу климаттык кырсыктардан улам көчкөн дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калат. Буга чейин беш миңдей тувалулук жаран Жаңы Зеландияга көчүп кетишкен. Бул мамлекеттин жалпы калкынын 50 пайызга жакынын түзөт.

Өлкө буга чейин эле ушундай кырдаалга даярдык көрө баштаган. Бийлик бул маселени эл аралык укуктун позициясында чечүүгө аракет кылууда.

"Биз жерибизди жоготсок дагы Тувалуну таануу үчүн өлкөлөр менен кызматташууга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле биз башка жерде болсок да биргелешип аракеттене беришибиз үчүн санариптик улутту түзө турган технологияларды талкуулап жатабыз", - деген министр.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
02.12.2021. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
15-01-2022 17:23
Жынысы:
Белгисиз
-4
Силер ошентип көчсөңөр, биз ызы-чуудан көчкөнү калдык
02.12.2021. 10:27 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
835
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
15-01-2022 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силер дакансалар мылтык такаса да кочпой калдынар го... Даяр жугунду турганда кочмок беленер...
02.12.2021. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
16-01-2022 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан жакырчылыктан кочуп кетишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: