Жалал-Абад шаарында арзандатылган 330 тонна көмүр сатылды

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган тоннасы 4 миң сомдон болгон 330 тонна көмүр сатылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр сатуу башталгандан бери шаар тургундарына жана Сузак районунун жашоочуларына көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда.
Эске салсак, жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда.
Алдыда калкты арзан көмүр менен камсыздоо улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2021-12-02 20:29:38
Ташкомурдун таш аралашкан арзан комурун сатып алып оздорун реклама кылып жатышабы?! Озу мэрия сатканга чейин эле тоннасы 4000 сом болсо керек эле. Комуру жакшы куйбойт деп эл ала бербейт. Уят эле..... Ошто да ушул корунуш. Башка шаарларда да.....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан