Кыргыз өлкөсү менен Словениянын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү тууралуу талкууланды

Кечээ, 2-декабрда Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Словениянын тышкы иштер министри Анже Логар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Словения тарап Кыргыз мамлекети менен кызматташууну активдештирүүдө кызыкдар экендигин билдирди. Мындан улам эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Соода-инвестициялык кызматташуу багытында гидроэнергетика жана фармацевтика чөйрөлөрү келечектүү экендиги айтылды.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анже Логарды биргелешкен бизнес-форум өткөрүү сунушу менен Кыргыз мамлекетине сапары менен келип кетүүгө чакырды. Бишкекте "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумун өткөрүү оң маанайда белгиленди. Эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү максатында Руслан Казакбаев маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттык сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун словения тарапка кароого берди.

Мындан тышкары Ооганстандагы кырдаал өзүнчө талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан