Дээрлик бир кылымдык тарыхы бар Walt Disney компаниясын аял киши жетектейт

Миллиондогон бөбөктөрдүн сүйүүсүнө татыган Walt Disney компаниясынын жетекчилиги алмашты. Компаниянын тарыхында алгачкы жолу башкарууну аял киши аркалайт деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалым болгондой, 98 жылдык тарыхы бар компаниянын директорлор кеңешинин башчысы болуп Сюзан Арнольд шайланды. Ал компаниянын директорлор кеңешинде 14 жыл иштеген. Сюзан Арнольд буга чейин "Carlyle" инвестициялык компаниясынын башкы директору, "Procter & Gamble" жана "McDonald's" компанияларында жооптуу кызматтарды аркалаган.


"The Walt Disney" компаниясын буга чейин Роберт Айгер жетектеген. Ал бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап, 2020-жылы кызматтан кетмекчи болгон. Түзүлгөн келишимге ылайык, Айгер 2021-жылга чейин компаниядагы иштин ийгиликтүү өткөрүлүп беришин камсыздоо жана компаниянын чыгармачыл ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында аткаруучу директор кызматында калары айтылган.

Компаниянын айрым жетекчилери, анын ичинде студиянын жетекчиси Алан Хорн, Disney Branded Television президенти жана башкы чыгармачыл кызматкери Гари Марш жана компаниянын башкы кеңешчиси Алан Браверман да ушул жылдын аягына чейин кетүүнү пландап жатышканы айтылат маалыматта.

"The Walt Disney Company" компаниясы 1923-жылы 16-октябрда өз ишмердүүлүгүн баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан