Талас шаардык соту мурдагы прокурордун орун басары Эркинбек Раевди актады. Бул тууралуу Талас облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иште кылмыштын курамы жок болгондуктан акталып, сот залынан бошотулган.
"Буга чейин прокурордун орун басары 8 алдамчылык фактысына шектелип кармалган. Ошондой эле анын аялы бул иште шектүү катары кармалган. Ал сотто 6 алдамчылык фактысы боюнча акталса, 2 факты боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.