Кыргыз өлкөсү Түркмөнстандан 2022-жылы дагы электр энергиясын сатып алат

Кыргыз өлкөсү Түркмөнстандан 2022-жылы дагы электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, министрлик энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиясынын бешинчи жыйынына катышкан.

Анда министр президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында түркмөн тарап менен Кыргыз өлкөсү жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилгенин айтып, 2021-жылдын 1-августунан тарта Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсүнө электр энергиясы берилип жатканын белгилеген.

2022-жылга Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы келишим түзүлгөн. Доскул Бекмурзаевдин билдиришинче, учурда бул багытта мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүү активдүү жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан