Бишкекте 28-ноябрда ырчы, модель Аскар Думанаев негиздеген эл аралык "Dumanaev Models" мода агенттигинин 6 жылдыгына арналган салтанатту иш-чара өткөрүлдү.
Кечеде "Кыргызстандын биринчи сулуу мырзасы" сулуулук сынагы, Кыргыз өлкөсүнүн мыкты моделдерин жана келечектен көптү үмүттөндүргөн өспүрүм моделдерди орден менен сыйлоо, аталган агенттиктен тапталган мыкты моделдерди сыйлоо аземи болду.