Бүгүн, 3-декабрда шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда шаардын башкы планы боюнча бир топ маселелер талкууланды.
Шаардын башкы планын даярдап жаткан адистердин берген маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга кеңейтилет.
Ошондой эле даярдалып жаткан башкы планга ылайык, шаарда көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт жок болот. Тагыраагы, ал Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Андан сырткары өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.
Белгилей кетсек, шаардын башкы планын даярдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 400 миң сом жумшалууда. Ал 2023-жылы даяр болот.