Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов кечээ, 2-декабрда УКМКда сурак берди. Мындай маалыматты ал өзү SUPER.KG порталына тактады.
Анын айтымында, УКМК аны "Айыл Банк" боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары суракка чакырган.
"Мен 2013-жылдан 2019-жылга чейин "Айыл Банкта" директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштегем. Ошол убакта банк кирешеси менен өлкө аймагында 17-орундан алдыңкы үчтүккө кирген. Андан кийин насыяларды ким кандай башкарган, кандай насыялар берилгенин билбейм. Үч жыл ичинде ал жерде канча жетекчи алмашты. Ошолор жооптуу да", - деди Маматов.
29-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон "Айыл Банк" ААКсынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерүүгө алган.