Буга чейин "кыт, камыр, кийиз жана Ким Кардашьян" аттуу көргөзмөгө чакыруу ролик коомчулукта чуу жараткан. Анда жаш кыз камырдан эмчек кап жасап көрсөткөн. Анын автору сүрөтчү Алтынай Осмоева.
Бүгүн, 3-декабрда көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Бирок анын аталышы "Кыргыз өзөгү - ой иле таасири" деп өзгөртүлгөн.
Көргөзмөнүн бет ачары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өттү. Ага 100гө жакын көрүүчү келип, сүрөтчүнүн эмгектери менен таанышты. Алтынай Осмоева эмгегинде улуттук иденттүүлүктү сактоо тууралуу ой толгоосун чагылдырган. Ал арт-объектилерин жаратууда кыргыздардын байыркы маданиятына таандык болгон кыт, камыр, жана кийизди пайдаланган.
"Мен бул көргөзмөгө 6 ай даярдандым. Максатым кыргыздар колдонуп келген жөнөкөй материалдар аркылуу улуттук аң сезимди ойготуу. Баарыбыз интернеттен түрдүү нерселерди көрүп, аларды туурап жатабыз. Биз улуттук баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз керек", - деди Алтынай Осмоева.