Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрда болуп өттү. Анда 21 саясий партия, бир мандаттуу округдар боюнча 286 талапкер ат салышты.
Саат 17:30га карата кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары 99,96 саналып бүттү.