Токмокто контейнерди уурдап сатып жиберди деген шек менен эки жаран кармалды

Токмокто уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда Токмок ШИИБине 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, 40 тонналык контейнерди уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн. Аталган факты Токмок ШИИБинде каттоого алынып сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга шектүүлөр аныкталып, райондук бөлүмүнө жеткирилген. Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган буюмду кара металл сатып алуучу жерге сатууга жетишкен. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жогун текшерүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHaidulda
2021-12-08 19:59:41
Карыган эле кишилер урдаптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан