Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, өзүнүн чуркоо ылдамдыгы менен алдына камчы салдырбаган "ПСЖ" футболдук клубунун 23 жаштагы чабуулчусу Килиан Мбаппе тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтодук.
"ПСЖ" командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе 1998-жылы 20-декабрда Франциянын Бонди шаарында туулган. Футболчунун ата-энеси жана бир туугандары спортко жакын адамдар болгон. Атасы Вильфрид Камерунда "Бонди" клубунун футбол мектебинде машыктыруучу болуп иштеген.
"Бешиктен" оюн талаасына...
Мбаппенин футбол чөйрөсүнө келип калышына атасы түрткү болгон. Маселен, Вильфрид Мбаппени 2 жашынан тарта өзү иштеген мектепке алып барып, машыгууларды өткөрчү. Муну көргөн Мбаппенин 5 жашынан баштап футболго болгон кызыгуусу күндөн-күнгө арта баштайт. Ал атасынын колдоосунун аркасында өлкөдөгү эң мыкты футбол академияларынын бири болгон «Клерфонтенге» өтүп, машыгууларды уланткан.
Спорттук карьерасы:
Футболчуга 13 жашында Испаниянын "Реал Мадрид" клубуна ойноого сунуш түшкөн. Бирок атасы бул сунуштан баш тарткан. Ал эми 16 жашында Мбаппе "Монако" футболдук клубу менен келишим түзүп, алгачкы спорттук карьерасын баштаган. Эки жылдан соң ал аталган клубдун негизги курамында ойной баштаган. Франциялык чабуулчу 2016-2017-жылкы сезондо "Монако" клубу менен 44 оюнга катышып 26 гол киргизген. Жыйынтыгында "Монако" клубу Франциянын 1-Лигасында чемпион болгон. Ал эми Киллиан 2017-жылдын мыкты жаш футболчусу аталган. Муну менен ал клубдун тарыхындагы эң жаш оюнчу болуп калган.
Мбаппе эң кымбат футболчулардын экинчи сабында
2017-жылы Килиан Мбаппе жайкы трансферлер сезонунда "ПСЖ" клубуна ижарага өткөн. Келишим боюнча "ПСЖ" Мбаппени 180 миллион еврого сатып алган. Ошентип жаш футболчу спорт тарыхындагы экинчи эң кымбат футболчу аталган. Ал эми 2018-жылы 19 жаштагы Киллиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунун мыкты жаш оюнчусу деп табылган.
Чабуулчунун негизги артыкчылыгы - анын оюн талаасындагы чуркоо ылдамдыгы (38 чакырым/саат) болуп саналат.
Кыялына жеткен Мбаппе
Килиан Мбаппе футболдук клубдардын эч бирине күйөрмандык кылган эмес. Бирок Криштиану Роналду анын бала кезинен берки кумир туткан адамы болгон. Ал тургай Мбаппе легендарлуу португалиялык чабуулчунун сүрөттөрүн өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө да илип алганы бар.
Жаш чабуулчу учурда спорттон сырткары муктаж адамдарга жардам берүү менен алектенип келет. Ал тапкан каражатынын канча бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап келерин айтканы бар. Ага мисал, 2018-жылдагы Дүйнө биринчилигинде 400 миң еврого жакын акчаны “Premiers de Cordees” балдар кайрымдуулук уюмунун эсебине которгон.
Интернет айдыңында Килиан Мбаппенин "Мисс Франция - 2017" аталган Алисия Айлис менен мамиледе экендиги айтылат.
Килиан Мбаппе тууралуу кызыктар:
Футболчунун интернетке жарыяланган 10 күлкүлүү сүрөттөр топтому: