Күрөш боюнча өлкө чемпиондугу 2022-жылдын январь айында өтөт. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө чемпиондугунда алгач эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. Эркин күрөш боюнча мелдеш 12-14-январь күндөрү өтөт.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 14-16-январь күндөрүнө белгиленген.
Күрөш боюнча өлкө чемпиондугу Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.