Бүгүн, 17-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.
Өлкө башчы турнирге "Президенттин администрациясы" командасы менен катышып, турнирдеги мыкты бомбардир боло алды. Оюнда Садыр Жапаров командасын бир топ алдыга сүрөп, командалаштарына "Пас берип ойногулачы" деп бир нече ирет кайрылды.
"Президенттин администрациясы" командасыныны курамында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы оюн алып барды. Ал алгачкы мүнөттөрдө коргонууда оюн алып барса, оюн ортолоп калганда чабуулга өттү. Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровго голдук пас чыгарып бергенге дагы жетишти. Камчыбек Ташиев өз кезегинде чарчаганын айтып, бир эле оюнда өзү суранып бир нече алмашуу жасады.
Учурда турнир уланууда.