Президент катышкан футбол боюнча мелдеште маданият өкүлдөрүнөн турган команда жеңүүчү болду

Бишкекте 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук футбол оюну өттү. Мелдешке президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду маданият ишмерлеринин "Өнөр" командасы ээледи.

Экинчи орунду футбол ардагерлеринин "Алга", үчүнчү орунду президент Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясы ээледи.

Мамлекет башчысы оюндун жыйынтыгын чыгарып жатып, мелдештер достук жагдайда өтүп жана ар бири өз күчүн, тажрыйбасын көрсөтө алганын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, оюндун катышуучулары бул мелдештерди жакшы салтка айлантып, жылына эки жолу - май жана декабрда, аны менен катар башка тармактардын да катышуусунда өткөрүүнү сунушташты. Сунуш турнирдин бардык катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

"Алга" футбол командасынын ардагерлери Садыр Жапаровго эстеликке сувенир - кол тамгалары түшүрүлгөн топту белек кылышты.

1 миллион сом өлчөмүндөгү байге фондун бардык командалар бир добуштан Токмок шаарындагы балдардын үй-интернатына өткөрүп берүүнү чечишти.

Мелдеш катышуучуларына эстеликке белектер жана сертификаттар тапшырылды. Жеңүүчү команда Кубокту алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан