Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сотто болуп жаткан отурумда сот актаса эркиндикке чыгат. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев дал ушул иштин алкагында абакта кармалып турат.
“Теориялык жактан алганда, Алмазбек Атамбаев азыр боло турган отурумда акталса, кагаз иштерин бүгүн бүтүрүп жетишсек эркиндикке чыгышы мүмкүн. Анткени дал ушул иш боюнча гана Алмазбек Атамбаевди абакта кармоо тууралуу чечим бар. Башка иштер боюнча баш коргоо чарасын абакта кармоо боюнча чечим жок”, - деди Слесарев.
Белгилей кетсек, саат 14:30да Жогорку Сотто Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу коюлган айып боюнча отурум болмок.