ЖЫЛНААМА, 24-ДЕКАБРЬ: Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын жана драматург Жусуп Турусбеков төрөлгөн

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын жана драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы 24-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында жарыкка келген.

1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып кайткан Жусуптун балалыгы алгач жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. Ал ошол кездеги билимге умтулган үмүт-тилеги чоң жаштардын катарында турган. 1921-жылы таякеси Чортонбай Каракол шаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат Айыл чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде окуйт.

Акындын көзү тирүүсүндө жарык көргөн китептерине "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы кирет. Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиялык адабиятынын түптөөчүсү болуп эсептелет. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы алгач 1934-жылы коюлуп, беш жылдан кийин, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында комиссия тарабынан, искусство чеберлери жана жалпы эле көрүүчүлөр тарабынан эң жогору бааланган.

Акын Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.

Жусуп Турусбеков Ардак белгиси орденинин ээси. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон. Жусуп Турусбековдун ысымын республиканын айыл-шаарларында көчөлөр, китепканалар менен мектептер алып жүрөт.

24-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан