реклама
super.kg logo

Бир колу жок Айзат эсиңиздеби? Ал күйөөсүнөн башка жигиттер менен түшкөн сүрөттөрүнүн жүктөлүшү тууралуу айтып берди

 

Бир канча күндөн бери социалдык тармакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырбай кызы сынга алынууда. Буга анын Инстаграм баракчасына бейтааныш мырза менен жүктөгөн акыркы сүрөттөрү себеп болду. Интернет колдонуучулардын көбү Айзатка терс пикирлерин калтырышууда.

Сынга кабылган Айзат Мамырбай кызы агынан жарылып, SUPER.KG порталына маек берди. Учурда ал Ошто, ата-энеси менен чогуу жашап жатат.

"Сүрөттөгү мырзалардын бири менин таежемдин баласы, экинчиси тойго барган тааныштарыбыз. Таежемдин баласы менен тойдон дагы, Москвага кетерде дагы сүрөткө түшкөм. Бөлөм менен ал-акыбал сурашып, жазышып турчубуз. Жолдошум ошол сүрөттөрдү, биздин кат-кабар алышканыбызды шылтоо кылып үйдү өзүнүн атына өткөрүп алгысы келип жатат. Кайын журтум ошону пландап жүрүшкөн. Тагыраагы 4-5 ай болду, "үйдү менин атыма өткөрүп берип, кете бер" деген. Мен "жашайм" деп барып жашап жүргөм. Бир күнү бөлөм менен тамашалап жазышканыбызды окуп алып, идиш-аякты талкалап баштады. Мен тумоолоп башка бөлмөдө жаткам. Эмне болду деп барсам ичип алыптыр, буюмдарды алып, мага ыргытып жатты. Бычак дагы ыргыткан, коркконумдан эшикке качып чыккам, колум кесилип кетиптир. Эшикке күндүзгү саат 14:00 чамасында чыккам, кечки саат 20:00гө чейин халатчан, шлёпкачан үшүп турдум, мени киргизбей коюшту. Бир тууган агам келгенде үйгө кирип, кийимдеримди алып берди. Документтеримди, телефонумду, үйдүн документтерин, 2 миң сом акчамды дагы жолдошум алып калды. Эч нерсем жок агам менен Ошко кете бердим.

Үйдү өткөргөндөн кийин документтерди берерин айтты. Ошол учурда чоң апам өтүп кеткен, ата-энем бошобой жаткан. Эки, үч күн коё тур, үйдөгүлөр батага келгендерден бошобой жатат десем, 2 күн убакыт берерин айтып, баягы сүрөттөрдү интернетке чыгарып "жалап болуп кетти" деп жарыялады. Андай болгудай мени төшөктөн кармап алыптырбы?", - дейт Айзат.

Жолдошумдун мамилеси салкын болгонунан 2 жылдан бери балалуу боло албай жүргөнүн айткан келин буларга токтолду.

"1 жылдан бери күйөөмдүн мамилеси жок болчу. Башка бөлмөдө таң атканча телефон чукулап жатчу. Таптакыр көңүл бурбайт, эт туурай албайм бир колум менен ошондо жардам сурасам "өзүң кылып алчы" дечү. Оор жумуштарды кылдыртчу, ошого деле макул болуп жашап жүрө бердим. Тамак даярдасам тамагымды, жумуш кылсам ишимди жактырбай жүргөн. Мага көңүл бурбаганы үчүн да 2 жылдан бери балалуу боло албай жүрөбүз. Анын үстүнө 4 айдан бери кайын сиңдим жолдошу менен ажырашып, биз менен чогуу жашап жаткан. Ошол дагы кыстап жүрдү. Жолдошум мас болуп тополоң кылган күнү эшикте турсам кайын сиңдим "үйдү өткөрүп коюп, каалаган жагыңа кет" деди. Мен "эмнеге үйдү өткөрүшүм керек, бир колум менен болсо да ушунча тирилик кылып албадым беле үйдү, асмандан түшүп калыптырбы" дедим. Болбосо биринчи жолу маек берип интернетке чыкканымда кайын журтум мыскылдап, "жардам сурап чыгып калыптырсың" деп жаман көрүшкөн. Күйөөмдү карап, кийимин агартып, тамагын кылып отурганымды билишпейт.

Жолдошум болсо сенин бир колуңдун жоктугуна карабай алгам дейт. Өздөрүн билбейт экен адамдар.

"Көңүлдөш болуп кетиптир, өзү макоо экен" деген пикирлер жазылып жатат. Бул мени каралап, үйдү алуунун амалы. Жолдошума деле айткам: "Үй каяктан келди сага? Бир колум менен болсо да камыр жайып, тамак жасап, мээнет кылып албадык беле" десем, кайра мага "Сен эмне кылып алдың үйдү? Мен алгам, мен элден жардам сурап алгам" дейт. Жолдошумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай жашап жүрсөм дагы "сенин чолок экениңе карабай мен алгам сени" дейт".

Айзат Мамырбай кызы бардык туугандары менен сүйлөшүп, байланышты үзбөй жүргөнүн, бул туурасында жолдошунун кабары бар экенин айтат. "Кимдер менен сүйлөшүп турарымды билчү. Жарнама бергендерди дагы. Болгону үйдү алууну пландап жүрүшүптүр. Аткени жолдошум көңүл бурбай жүргөндө "ажырашып кеткенибиз эле оң го" десем "сен кетип калсаң өлүп калам, анда үйдү өткөрүп кетесиң" деген шылтоолорду айтып жүргөн. Мен үйдү өткөрүп бербейм. Жолодошумдун унаасы, 600-700 миң сомдой акчасы бар. Ошого да ыраазы болбой, үйдү алгысы келип жатат", - деди ал.

Ошондой эле Тик-Ток, Инстаграм баракчасындагы аккаунтун жолдошу алып, сыр сөздөрүн алмаштырып салганын, учурда аталган социалдык тармакты колдонбой жүргөнүн кошумчалады.

Айзат Мамырбай кызы кыз-келиндердин бетин боёп, жоолукту түрлөп салат жана кулинардык курсту аяктаган, тамакты түрлөп жасаганы менен белгилүү болгон. "Бир колумдун жоктугун сезбей көп жумуш бүтүрөм" деген ал бир колунан кантип ажырап калганынан баштап, азыркы жашоосу тууралуу айтып берген.

Ал маектен кийин жашоосунда көп өзгөрүүлөр болгонун айтып, кыялы орундалып макияж жасоо боюнча курстан өтөрүн билдирген.

Былтыр, 30-ноябрда курулуш компанияларынын бири Айзат менен жолдошу Рустам Иманалиевге үй берген.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин угуп, чагылдырууга даяр.


кошулду



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
24.12.2021. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
31-07-2019
Соӊку аракети:
31-01-2022 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+26
Кимге ишенееринди да билбейсин. Бирок болосу мн ошентип жытташып тушмок беле
24.12.2021. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
16-09-2013
Соӊку аракети:
29-06-2022 16:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KGZ
+9
тооба тооба бөлөсү да ыктадым жыттадым неме окшойт
24.12.2021. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3967
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
30-06-2022 11:57
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул катында да бар окшойт, болосу менен суротко жытташып тушсо телефонду очуруп коюп эмне иш кылып жатты экен.
24.12.2021. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3365
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-06-2022 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+25
Любой эркек кызганат,кучакташып жабышып тушуп интернетке киргизсен.Колу жок экен деп боору оруган менен ашыкча кылыктарын коп экен.
24.12.2021. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-9
###### эркектер да толуп кеткен азыр.
24.12.2021. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
568
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
08-06-2022 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+14
Омей бололор менен кол алышкандан аркыга отбойсунго. Болосу не оозунан обобу тообо. Билгем ушуш экоо уйдун айынан бир нерсе болот деп. Экооно тен жок деп обратно алып койсун уйду
24.12.2021. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
10-06-2022 19:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+13
Шамал болбосо....куйоосу да жок жерден кызганбайтта.Мейли болон болсун бирок ,жонокой мамиле эмес.Корунуп туратко.
24.12.2021. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
30-06-2022 10:24
Жынысы:
Белгисиз
+12
Экинчиси тойдогу тааныштарым дегени эмнеси
24.12.2021. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
992
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
29-06-2022 19:50
Жынысы:
Белгисиз
+11
Куйоосу ичкендей эле бар экен
24.12.2021. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
24-03-2022 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+12
Блин, бул келин деле тыйралаңдап тиктокто бийлеп, былтаңдай баштаганда түңүлгөм. Негизги бөлөлөр менен өбүшүп учурашууда болбойт. Өзүнө өзү кылыптыр!!!
25.12.2021. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
25-12-2021 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдошу интернетке переписка, суротторунон бери чыгарып салыптыр. Болосу экоо суйуу мамиледе экен. Биз билбейбиз да эмне болгонун, "Чужая семья - темный лес" деегндей. Тыйындын эки бети бар дегендей, экоонон тен кеткен чыгар да. Бул келинди да тушунсо болот, жаны тынбай оокат кылса, куйоосунун суук мамилесинен улам ушундай жолго барган чыгар. Не нам судить, это их жизнь. Жаман соз жазып, куноого калбайык.
24.12.2021. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
30-03-2022 17:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйду мээнетим менен алгам деп догурунат го экоонун Тен мумкунчулугу чектелген экооно берсе керек уйду Айзатка эле эмес туурабы?Экинчиден болосубу досубу куйоосу бар туруп ушундай жармашып суротко тушкону туура эмес го дейм анан дагы куйоосу менен урушканда куйоосу кружка менен колун кесип тиктириптир анан Айзат менен азыркы жигити вотсапка жазыщканын Инстаграмга чыгарды го жаным деп эркелешип суйлошконун,уйду Тен болушуп алышсын да ушунча болду
26.12.2021. 04:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
745
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
28-06-2022 01:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jibani,үй экөөнө тең берилгенден кийин үй сатылып, акчасы тең бөлүнүш керек. Же болбосо үйдүн акчасынын жарымын Айзатка бериш керек. Биз Кудай дагы, сот дагы эмеспиз. Бирок үй экөөнө тең берилген. Ошон үчүн бөлүнүш керек. Ажырашканда мүлк ансыз деле экиге бөлүнөт мыйзам менен.
24.12.2021. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
15-10-2015
Соӊку аракети:
07-03-2022 11:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Черно водец
+7
Хххххх тойбогон кебетен бар экен негизи.
MegamozG_91 түзөттү 2021-12-24 17:43:40
24.12.2021. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1180
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
29-06-2022 05:40
Жынысы:
Белгисиз
+10
Шариятта да боло не махрам.Тынч эле жашай бербейт белен чон кыз?Аллах кечирсин.Бекер эле турмушунду бузуп алыпсын жаштык кылып даже жон эле сурот болсо дагы...
24.12.2021. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-05-2021
Соӊку аракети:
29-06-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен бөлөм менен бир жумушта иштечүмүн. Жумушка эрте менен 5те жөнөйбүз үйдөн. Бөлөмдө машинасы бар болчу. Бир күнү жумушка жөнөгөндө машинанын алдыңкы эшигин ачып олтур деген(мен да таң калгам эч качан машинанын эшигин ачкан эмес)күйөөм узатып койчу жумушка. Кечинде үйгө келсем чыр салган бөлө тууган болбойт деп. Ошондон бери кол берип учурашпаймын бөлөмдөр менен. Бардык эле эркек кызганат
24.12.2021. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
23-06-2022 22:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
-4
Эмнеге баарын бул келинди жаман дейсинер дейм да?Башканы тапса деле,бул да жакшыны же соо адамды издеди го дейм.Бул да болсо чыныгы аял болуп,эркекке толук таянып жашагысы келгендир.Куйоосу да майып болсо,иштей албаса омур бою элден жардам срап,суранып жашап отмок беле?Просто оз ара ачык айкын чечишип алышса болмок
25.12.2021. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
30-03-2022 17:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Angel92,кудай сатасын бирок сен чанып кетет Белен?
24.12.2021. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
957
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
02-06-2022 23:18
Жынысы:
Белгисиз
-6
Күйөөсү эгер окуп жатсаң,жигитчилик кылып үйдү аялыңа берип кой, өзүң эркек болсоң башка үй кылып аласың,зачем аял киши менен үй талашып,эркек деген атка татыктуу бол,силердин жашооңор жакшы жагына оңолбойт баары бир
KaGaH түзөттү 2021-12-24 20:10:22
25.12.2021. 00:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
30-03-2022 17:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
KaGaH,алты саны Аман болуп Ден соолугу болсо талашпайт эле Аны да тушунуш керек да
26.12.2021. 04:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
745
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
28-06-2022 01:47
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,кошулам.
24.12.2021. 20:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-10-2021
Соӊку аракети:
29-01-2022 13:49
Жынысы:
Белгисиз
+15
"Бироонун уйбулоосу бироого карангы дуйно" дейт, ошон учун бироонун уй булоосун сындаганча озубуздун уйбулообузду карасак жакшы болмок!
24.12.2021. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1116
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
27-06-2022 09:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+4
Ошондо атайын уйду талашыш учун атайын болон экоонордун мамиленердин оорчушун кутуп шылтоону чогултуп жургонбу? Теманы уй талашканга оодара бербей озундун обушуп тушкон суротун тууралуу болом эле болот деп кутулуп кеткен атасынбы?? Эгерде менин аялым болосу менен кол кармашып эле суротко тушсо экоонун тен колдорун кычкач менен бирден сындырмакмын..
24.12.2021. 22:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
30-06-2022 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+8
Болон эмес эле сайышын окшойт
25.12.2021. 08:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
862
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
30-06-2022 06:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки жылдан бери карабай, көңүл бурбай жүрсө,ажырашкысы келип үй үчүн эле жүрүшкөн го экөө тең. Бакпаса мал өлөт,карабаса катын кетет деген макал бар. Экөөндө тең бар
25.12.2021. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
745
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
28-06-2022 01:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үйдү сатып туруп акчасын экиге бөлүп туруп экөөнө карматып коюш керек болду. Инстаграм акуантын берсин күйөөсү аялына. Сырсөздөрүн алмаштырып өзүнө алып алганын! Сын таккым келбейт. Бирок бөлө менен жытташып сүрөткө түшкөн туура эмес. Ал күйөөң эмесда. Күйөөң менен ажырашкандан кийин деле мага десе күйөөгө тийип ал башка эркекке. Экөөнө арачы түшүп мүлктү экиге бөлүш керек! Үй экөөнүкү да. Эгер эл же мамлекет экөөнө сатып берген болсо.
25.12.2021. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
20-06-2022 11:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
0
Наркы киши деле таза эмес ла,чооң эле киши колун кесип киргизип...
26.12.2021. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-10-2017
Соӊку аракети:
16-03-2022 02:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротторду кайдан Корсо болот?
26.12.2021. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
03-06-2021
Соӊку аракети:
29-05-2022 08:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмм ссылкасын чыгарып койгулачы.Сүрөттөрүн көрөлү?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192524;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: