Баткен облусунда 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаевди өлтүрүп, жиликтеп дааратканага салып, үстүн топурак менен көмүп салышкан деп шектелип, анын эки кайнагасы кармалган.
Бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталы маркум Темирбаевдин апасы Бактыгүл Темирбаевага байланышка чыкканда тергөө кечеңдеп, шек жараткан жагдайлар көп экенин айтты.
"Балам 17-октябрда дайынсыз жоголду. Ошол күнү уулум менен сүйлөшкөндө тили булдурап сүйлөй албай жаткан. Менин баамымда балама келиним уу берген, андан кийин эки агасын чакырып, аны дайынсыз жоголду деген аракетти көрүшкөн. Уулумду алар алгач келиндин агасынын аялынын унаасына салып өздөрү иштеткен дарыканага алып барып укол сайып дарылап көрүшкөн. Натыйжа болбогондон кийин аны алгач өрттөп көрүшкөн. Бирок дене майланышып катуу сасыгандан улам кайра шектелип кармалган агасынын үйүнө алып келип, денесин отун аралаган араа менен 9 жеринен жиликтеп, андан кийин дааратканага салып жиберишкен. Баламдын сөөгүн жерге берерде мүчөлөрүн скотч менен чаптап анан көмдүк. Башы бар, бирок бети күйүп, тиштери эле калган экен.
Уулум менен келинимдин ортосунда эмне чыр чыкканын билбейм, бирок келиним башка менен жүрүп кеткен окшойт. Жигитали жоголордон 2-3 күн мурун мага телефон чалып, "апа, келиниңизди бирөө менен кармап алдым. Келиңиз, ажырашам" деп чалган. Мен келейин деп даярданып жатканда ушул окуя болуп кетти.
SUPER.KG порталы бул окуяда экинчи тарап болгон жарандардын да оюн угуп, чагылдырууга даяр.