Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай өлкөсүнүн ортосунда 1 миллиард юанга келишим түзүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык, 31-декабрда эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Белгилүү болгондой, Кытай тарабынан берилген каражат акысыз негизде.
"Биринчи келишимде 350 миллион юань, экинчисинде 650 миллион юань бөлүү каралган. Ошентип эки келишим боюнча бөлүнгөн жалпы сумма 1 миллиард юанды түзөт. Бөлүнгөн каражаттар тараптардын ортосунда мурда макулдашылган социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылайт.
Кыргыз тараптан бул макулдашууларга министр Данияр Амангелдиев, Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь кол коюшту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр учурда Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында министр эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн Ду Дэвэнди Ардак грамота менен сыйлады", - дешти маалымат кызматынан.